www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Алсак депутат Азизбек Турсунбаев жол тармагындагы орчундуу көйгөйлөргө токтолуп: “Ала-Бука району Өзбекстандын Касан шаары менен чектешет. Ошол чектешкен аймакта жайгашкан “Баймак” өткөрмө жайынан район борборуна чейинки жолдун узундугу 12 чакырым. Бирок аталган эл аралык маанидеги жол эгемендүүлүк алгандан бери эч оңдолгон эмес, абалы өтө начар. Андыктан Министрлер кабинети ошол жолду оңдоо ишин колго алуусу кажет”,– деди.
Муну менен катар коңшу өлкөдөн же башка жактардан келгендер да көп болуп жатканын белгилеген эл өкүлү, жергиликтүү эл дагы аталган жолду оңдоону суранып жатышканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg