www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, депутат Эмиль Токтошев Россия Федерациясындагы эмгек мигранттарынын абалына токтолуп, аларга колдоо көрсөтүү керектигин кошумчалады. Анын ичинен аба каттамдарынын наркы жогорулаганын жүйө келтирип, Министрлер кабинетин аталган маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Ушундай эле көйгөйгө токтолгон Нурланбек Шакиев бул жаатта чечкиндүү аракеттерди көрүү зарылчылыгын белгилеп: “Ишсиз калган эмгек мигранттарын өзүбүздөгү курулуш компанияларга тартуу маселесин чечүү керек”, – деди.
Ал эми депутат Медербек Алиев доллар менен насыя алгандар тууралуу сөз кылып: “Министрлер кабинети Улуттук жана коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, насыяларды сом менен төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү жагын караштыруусу кажет”, – деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg