www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Ар түрдүү” бөлүмдү талкуулоодо Министрлер кабинетин акыркы геосаясий окуяларга байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди жоюу боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Шарапаткан Мажитова өкмөткө дары-дармек жана курулуш материалдарын үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чараларды көрүүнү сунуштап, ички дары-дармек рыногунун 65% Орусия менен Украинага туура келерин белгиледи. Мындан тышкары, парламентарий айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген насыялоо процессинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов да доллардын курсунун кескин көтөрүлүшүнө тынчсыздануусун билдирип, доллар менен насыя алган ишкерлер көп экенин белгиледи. Ал кошумчалагандай, экономикалык каатчылыкка байланыштуу бардык коңшу өлкөлөрдө Антикризистик программалар кабыл алынган, Кыргызстан да тез арада тийиштүү программалык документти кабыл алышы керек.

Ошондой эле депутат Алишер Эрбаев ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгилеп, ошондой эле өкмөттүн депутаттардан түшкөн каттар менен иштөөдөгү аткаруучулук тартиби төмөндүгүнө нааразычылыгын билдирди. Өз кезегинде депутат Надира Нарматова алимент төлөөдөн качкандардын өлкөдөн чыгуу жол-жобосун күчөтүүнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости