www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты Надира Нарматова алимент боюнча карызы бар жарандарды өлкөдөн чыгарбоону сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Нарматованын айтымында, Кыргызстанда мындай карызы бар жарандардын саны 100 миңге жетет.

"Эркектер балдарга кам көрүп, жоопкерчиликти ала билиши керек. Балдарына алимент аз болсо да өз убагында төлөй алышпайт. Алардын көбү өлкөнүн сыртына чыгып кетишет, ал эми аялдар кыйналып кала беришет. Тиешелүү органдар чараларды көрүшү керек, кетип жатканда эркектердин колунда алиментке карызы жок деген справка болушу керек. Аны көргөзмөйүн өлкөдөн чыгарбоо керек, аба майданбы, темир жолбу баардык жакка бул талапты коюу керек", — дейт Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости