www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Надира Азимовна, жайыттар боюнча маселе көтөрдүңүз эле, анын маңызы эмнеде?

- Ноокат районунда Карагой жайлоосу бар. Союз мезгилинде колхоз-совхоздун малы ошол жайлоону жайлачу. Кийин союз ыдыраган соң айыл өкмөттөрү түзүлдү дагы, мурда чарбалар пайдаланып жүргөн жайыттарды айыл өкмөттөрү өзүнүн менчиги катары эсептешип, үлүш сыяктуу ээлеп калышкан. Бирок, документалдуу түрдө ал жерлер токой чарбасына, жайыт комитеттерине таандык. Алар адамдар пайдаланып жүргөн жерлер айыл өкмөттөрүнө эмес, токой чарбасына, же жайыт комитетине таандык экенин мыйзам түрүндө далилдешип, картасын көрсөтүшүп, натыйжада алар менен элдин ортосун да талаш-тартыш болуп келе жатат.

Мен бешинчи чакырылыштын депутаты болуп турган кезде жайыттарды убактылуу пайдаланып жүрүшкөн Зулпуев, Кыргыз-Ата, Гүлүстан айыл өкмөттөрүнүн көптөгөн тургундары кайрылышканынан, мыйзам чегинде көп иштерди жүргүзгөм.Тилекке каршы, маселени жайыт жерлерди айыл өкмөттөрүнүн жерлери менен алмаштыруу жолу менен чечээрде менин мөөнөтүм бүтүп калып, кийинки алтынчы чакырылышта бул маселеге эч ким көңүл бурган жок.

Бүгүн эми мен жаңы чакырылыштын депутаты катары элдин ошол көйгөйүн кайра көтөрүп, өкмөт, жайыт комитети менен иш алып барып жатам. Эгер биздин сунушубуз колдоо тапса, президенттин бир жолку мунапысынын негизинде жайыт жерлеринде жашап жаткан кишилердин үйлөрү алардын менчиги болуп калат. Бүгүнкү күндө буюрса райондук акимчилик аркылуу 136 үй тизмеге кирди.

Бирок, үйлөрү кирген менен огороддору жана улүштөрү чечиле элек. Ошондуктан, мен жакында эле жайыт комитетинин жетекчиси жана айыл чарба министринин орун басары, экология тармагынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, огород менен үлүш жерлерди башма-баш алмаштыруу жолу аркылуу чечүүнү сунуштадым. Бул боюнча азыр тийешелүү кызматтар иштеп жатышат. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Үсенбекович менен да сүйлөштүм. Ал киши да менин сунушумду колдоп жатат.

- Башка райондорго ижарага берилген жайыттардын тагдыры кандай болчудай?

- Союз маалында Ноокат районун жайыттары Кара-Суу жана Араван райондоруна убактылуу пайдаланууга берилип калган экен. Анын мөөнөтү өткөн жылы бүтсе дагы, тилекке каршы, Ноокат районуна кайра кайтарылып берилбей, 2030-жылга чейин узартылыптыр. Бүгүнкү күндө жергиликтүү элдин малы көбөйүп, жайыт өздөрүнө да жетпей жаткандыктан, элдин атынан мага ижарага берилип кеткен жайыттарды кайтаруу боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Элдин суроо-талабын канааттандыруу үчүн министрлер кабинети өзүнүн чечимин жокко чыгарышы керек. Мен тийешелүү жерлерге кайрылдым, бирок, азырынча маселени чечүүгө мүмкүн болгон жок. Себеби, андай убактылуу берилген жерлер көп экен. «Бирөөнү жокко чыгара турган болсо, экинчиси да кайрылып чыгат. Анүчүн баарын тегиз бир карашыбыз керек» дешти. Андыктан, кабыл алынган чечимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин күтүүгө туура келет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости