www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жараткан Алла-таала Кыргыз элин туңгуюктан алып чыкканга себепчи боло турган инсандарды алдыга алып чыгып келе жатат. Албетте анын бири Садыр Жапаров мырза. Садыр Жапаровдун тажымакалын коомдук-саясий мамлекеттик чөйрөдө жана Парламентте карапайым элдин үмүтүнө таяныч болуп бийик деңгээлдеги мамлекеттик чиновниктердин коррупциялык системада иш кылып жаткандарын ачыктан-ачык далил менен ММК айтканы албетте алкоого татыктуу.

29 комиссия 20-жылдан бери Кумтөрдү текшерип жыйынтык чыгара албай, ал эми С.Жапаров мырза жетектеген комиссия Канадалык кампаниялар менен КР Өкмөтүнүн ортосундагы зор жемкорлукту жана экологиялык кылмыштардын бетин ачып далил менен ачыкка чыгара алганы анык. Кыргыз Өкмөтүнө жана сымаптай болгон ЖКтин депутаттарына "денонсацияга" барышыбыз керек десе, алар "национализацияга" деши менен күлкү болдук.

Акыры түбү С.Жапаров өзүнүн принцибинен, чындыктан тайбаган, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына бекем туруп Кумтөрдөгү чет өлкөлүк компанияларды эл аралык сотко берип жатканына ыраазы болуу менен, биз КРнын жарандары жапырт, тикеден-тикелей туруп, кол топтоого туруп берейли деп чакырам. Азыркы учурда Таласта, "Талас Эл ынтымагы" кыймылы жана жаштар колдоп баштадык жана 25-мартта Садыр Жапаров Кыргызстанга келет дегенин угуп, кубанып жатабыз жана тосуп алууга ниетибизди байладык.

Серен Шейшенов, Талас облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости