www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ассалому алейкум Кыргыз журтчулугу! Бай уулу Калыгул бабабыздын төрт сап ырынан баштайын; «Калкым, калкым дебесен, калктын камын жебесен, кан алдына чыкпастан, нарктуу сөздү айтпастан башыңды катып уктасан, калк каршы деп жүргөн, карыяңдан не пайда».

Бери жагы он жылдан бери Таластын эли «Жерүй» алтын-кенин ачтырбай келди. Себеби «Жерүй» өзү Талас областынын башында «Аалы-төр» деген тоодо, деңиз деңгээлинен 3700 метр бийикте турат, Талас жергесинде 17 жерде алтын-кендер жайгашкан, андан тышкары дагы 58 жерде башка кендер бар. Таласты бойлогон бир эле өзөнүбүздө «Талас» дарыясы болжолу 357км. агат. Бул дарыя коңшу Казакстандан канча деген аралыкта тейлеп келет. 2006-жылы Казакстан Республикасынын Жамбыл областынын аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы, 2006-жылы «Жерүй» алтын-кенинде экологиялык экпертиза ТЭН долбоорун карап төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен; коркунучтуу авариялык жагдай ачылуусу, ал аймакта сейсмикалык активдүүлүк (8-9 бал) жана ал жерге өтө жакын жайгашкан –Суусамырдагы - Ичкелетау регионалдык жарака, жардыруу иштерин жүргүзүгөндө өтө катуу жер титирөөлөргө алып келет деген тыянакка келишкен.

Ал жерде жакынкы «Бекмолдо» айыл Өкмөтү, болжолу 8км. жетпеген жерде жайгашкан. Биздин маалымат боюнча, «Жерүй» алтын-кени жөнүндө Кыргыз элинде эле эмес, анын ичинде Талас элинин жашоочуларында чындык маалыматка ээ болбой жатканы, анысы аз келгенсип массалык маалымат каражаттары (КТРК,Талас областтык телерадио ) чындыкты бурмалап, элге жалган маалыматтарды кайталап бергени, маалыматка жетүү мыйзамы одоно түрдө бузулуп, эл арасынан чыгып жаткан жарандык активисттерди күч структуралары басмырлап, провокацияларды уюштуруп, аларды бири-бирине тукуруп жаратканга жакпаган иштерди жүргүзүп келесиңер.Эч кандай айла таппай калгандан кийин, Таластын 37 Айыл Өкмөтүнө «соцпакет» деген садаканы таратып, жаштарга оюн-зоокторду уюштуруп,футбол аянтчаларын салып, ал эми айыл-өкмөттө болсо трактор, камаз алып берип, айылдык Кеңештин депутаттары,айыл-өкмөттөрдө кызмат кылгандар жана «дүжүр» аксакалдар, анча-мынча жаштардан биригип алып Таластын эли «Жерүй» алтын-кенинин иштешине каршы эмес деп жатканыңар акылга сыйбаган көрүнүш. Таластагы жарандык активисттер 6-айдын ичинде эл арасында жазуу түрүндө жүргүзгөн сурамжылоо өткөзүүнүн негизинде 3034 адам «Жерүй» алтын-кенин иштешине «каршыбыз» деп оюн билдирген.

Мен айтайын дегеним эң башкысы, эмне үчүн Кыргыз Республикасында «Жер казынасы» мыйзамы тоо-кен өнөр жай тармактарын өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан стратегиялык жана оперативдик пландарга дал келбегени, ошол эле учурда «Жер байлыгы - эл байлыгы» дегендей калың элдин кызыкчылыгына же мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербесе, тескерисинче бул мыйзам беш-алты төбөл башчылардын жеке кызыкчылыгы үчүн жазылганы даана көрүнүп турат. Айрыкча төмөнкүдөй беренелерге көңүл бурсаңар; 27, 29,31,37,39 КРнын «Жер казнасы мыйзамы, 2012жылы, 09.08. №160. Демек бул жерде ото чон системалык жемкорлук турат. Бул мыйзамды тузгон жумушчу топко жана ЖКтин 5-чакырылышындагы кол койгон депутаттарга кылмыш иши козголушу керек!

Карапайым эл күнүмдүк көр оокатынан баш көтөрө албай жатса, аларды алдап жатканынар үчүн эртели-кеч адилет- мыйзам астында жооп бересиңер.

Кыргызстандагы баардык жерде тынымсыз, баш аламан казылып жаткан кендер мыйзамсыз иштеп жатат. Бир сөз менен айтканда Кыргызстанда тоо-кендерди иштетүү багытында эч кандай экологиялык экономикалык кызыкчылыктар корголбой келет, башкы себеби «Жер казынасы» мыйзамы Кыргыз мамлекетинин же Кыргыз элинин кызыкчылыгын коздобойт. Анын ичинен «Жерүй» алтын-кени Дүйнөлүк банкта группа риска «А» кирген алтын-кени эч кандай ыкма менен иштетүүгө болбойт, анткени бул кен согуш-стратегиялык объектиге кирет. Демек, мындан ары «Жерүй» алтын-кенин иштетүүгө толугу менен каршыбыз!

Буга чейин «Талас Эл ынтымагы» кыймылын эле алганда ондогон коомдук иш-чаралар өтүп келген (тынчтык жыйындар, Курултайлар, тегерек столдор, ачкачылык жарыялоо акциялары, КРнын бийликтин үч бутагына тең карапайым эл тарабынан кабыл этилген «Жерүй»алтын-кенине 50-жылдык мораторий чечимин, резолюцияларды дамамат тапшырганбыз, эч кандай тыянак чыкпаган сон эң артында элдер кан жолду бууп, милициянын унаасын да өрттөп жибергени анык) 3-жолу жергиликтүү өкүлчүлүк менен «тегерек стол» өткөрүп келгенбиз, натыйжасында «Жерүй» алтын-кени иштейт деп Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кенекеев Д.А ачык эле айтты: «Жерүй» алтын-кени иштейт деп, бул жерден да мыйзамды Кенекеев бузду. Ошондуктан мыйзам астында баардыгыбыз бирдейбиз. Жакындан Жуманазаров Б.Т. Кенекеев Д.А. жана Зилалиев Д.Т мырзалардын функционалдык милдеттерине кыянаттык кылганы үчүн, КРнын мыйзамдарынын астында юридикалык баа берилиши керек.

Жыйынтыктап айтканда жараткан Алла-тааланын өнөрүн, Ата-бабабыздан калган аманат үчүн, 270 миң Таластын жашоочулары үчүн «до конца» турабыз!

Силерди терең урматтоо менен:

«Талас эл ынтымагы» кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов.

Байланыш тел: 0778 487604, 0700 487604

Facebook: [email protected]

Талас шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости