www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мевлүт Чавушоглу телефондо сүйлөшүп, Москва менен Анкаранын жолугушуусун башка датага жылдырууну макулдашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Орусия менен Түркия ушул жекшембиге белгиленген дипломатиялык ведомстволордун сүйлөшүүлөрүнүн мөөнөтүн жылдырды.
Жолугушуу учурунда Сирия жана Ливиядагы жаңжал талкууланмак. Анкара менен Москва куралдуу кагылышууда эки башка тарапты колдошот.
Буга чейин Сергей Лавров менен коргоо министри Сергей Шойгу ушул жекшембиде Түркияга бара турганы кабарланган.
Апта башында Бириккен Улуттар Уюму Ливиядагы жаатташкан тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаганын маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg