www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарга аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Бул видео коомдо дароо резонанс жаратып, колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынган. 2020-жылдын 13-июнь күнү кордук көрсөттү делген эркек кишинин баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган.

Белгилей кетүүчү жагдай жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип тосмо арыз жазган. Укук коргоо органдарындагы булактардан белгилүү болгондой, аял жеке жашоосуна кийлигишкен жарандарга каршы чыгып, сабаганына карабастан, күйөөсү менен үй-бүлөлүк жашоосун улантууга ниеттенүүдө. "Бул менин үй-бүлөм жана бул окуя үй-бүлөмдүн урашына себеп болушун каалабайм", - деп айтканы кабарланды. 

Анын тосмо арызы жолдошун жоопкерчиликтен куткарабы деген суроо жаралышы турган кеп. Бул суроого адвокат Замир Жоошев жооп берди.

Жактоочунун айтымында, бул окуя боюнча аялы күйөөсүн кечирген күнү деле кылмыш иши токтотулбайт.

"Кылмыш иши "уруп-согуп кыйноо" беренеси менен козголгон. Кылмыш жаза кодексине ылайык, тараптардын элдешүүсүнө жол берилбейт. Бул эмнени билдирет? Бул сузактык мыкаачынын иши логикалык чегине жетип иликтенип, сотко өткөрүлүп берилиши керек дегенди талап кылат. Сот өз кезегинде жазалоо чараларынын түзөтүү иштери, айып пул же 2 жыл 6 айга чейинки эркинен ажыратуу сыяктуу жазалардын бирин тандайт.

Албетте, коомду дүрбөлөңгө салган бул факты үчүн 2 жыл 6 айлык мөөнөт өтө жеңил жаза болуп калат. Бирок аны бул үй-бүлөдө мурда болуп келген дагы башка зордук-зомбулук фактыларын аныктоо менен катаалдатса болот. Бул үй-бүлөдө зордук-зомбулук биринчи жолу болуп жаткандай эмес. Андыктан сузактык мыкаачыга оор жаза берилиши керек деп ойлойм. Бул окуя башкаларга дагы сабак болушу керек", - деген жактоочу өз билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости