www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаар тургуну 3500 долларды уурдоого шектелүүдө

Милицияга борбор калаанын Надира аттуу тургуну 3500 доллар уурдатканы тууралуу арыз менен кайрылган.

Ал 10-сентябрда «АКИpress» агенттигине билдиргендей, кылмыш 11-апрелде анын Тунгуч кичи районундагы батиринде болгон. Надира таанышы Н.Н.аттуу жаранды уурдоого айыптоодо.

Арыз ээсинин айтымында, уурдалган акча анын инисине таандык, ал каражатты эмгек миграциясында жүрүп тапкан. Шаар тургуну Надира аттуу жаран 16-апрелде милицияга арыз менен кайрылганын, шектүү кармала электигин белгиледи.

Ал эми Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы бул факт 205-беренеси («Уурдоо») менен каттоого алынганын билдирди. «Учурда шектүү Н.Н. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деди басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости