www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетикалык апааттан улам Германиядагы бир катар муниципалдык кызматтар банкрот болушу ыктымал. Бул тууралуу Euractiv порталына таянып РИА Новости кабарлады.
"Муниципалдык кызматтар электр энергиясын сатып алуу баасынын кескин көтөрүлүшүнө тынчсыздануу менен көз салууда. Газ, электр жарыгына болгон нарк өскөн сайын энергияны сатуунун баштапкы чыгымдары көбөйүп жатат. Ал эми буга чейин кол коюлган келишимдер узакка созулбайт. Кыйынчылык али алдыда", — деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү деңгээлде газ, суу жана электр энергиясын берген кызматтар коргоого муктаж болуп жатканы кошумчаланды. Бирок Германиянын Экономика министрлигинин өкүлү жардам өкмөт ага кызыкдар болгондо гана берилерин, каалаган максатка башка жолдор менен жетишүү мүмкүн эместигин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg