www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылы ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай жаңылык Нур-Султан шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуунун алкагында КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун Өзбекстандын маданият министри Мажидов Муроджон Абдуллаевич менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда тараптар маданият тармагында эки жактуу кызматташтыкты, ошондой эле 2022-жылдын ноябрындагы Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүн өткөрүүнү талкуулашты. Жогоруда аталган иш-чараны өткөрүүдө өзбек тараптын ар тараптуу колдоосуна ишеним билдирилди.

Мындан тышкары, Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстан менен Өзбекстандын Маданият министрликтеринин ортосундагы макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2022-2023-жылдарга иш-чаралардын планы менен тааныштырды, ага ылайык тараптар археология, музей иши, эстеликтерди реставрациялоо жана коргоо тармагында адистерди алмашуусу керек.

Мажидов өз кезегинде бул аймактар Өзбекстандын Туризм министрлигинин карамагына берилгени тууралуу маалымат берип, көтөрүлгөн маселе тиешелүү ведомствонун кароосуна да жеткирилерин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости