www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунун 12-январдагы чечими менен жарандык активист Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай) камакка алынды.

Бул тууралуу анын жактоочусу Такен Молдакулов билдирди. Анын айтымында, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун былтыр ноябрдагы пробациялык көзөмөл боюнча чечимин жокко чыгарды.

Эске салсак, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Балтабайды Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүндө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарды уюштурууга, ошондой эле күч колдонууга чакыруу») каралган кылмышты жасаган деп айыптаган.

Райондук соттун чечими менен Балтабай күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде ага үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалып, активист сот залында камактан бошотулган.

Жактоочу Молдакуловдун айтымында, Биринчи Май районунун прокуратурасы пробациялык көзөмөл боюнча биринчи инстанциянын өкүмүнө каршы даттанган. Шаардык сот апелляциялык арызды канааттандырып, Балтабайды реалдуу мөөнөткө – беш жылга эркинен ажыратты. Ал сот залынан убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Жактоочу Жогорку Сотко даттанаарын билдирди.

Эске салсак, Балтабай митингдерде казинолорду мыйзамдаштырууга жана кассалык машиналарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы чыгып сүйлөгөн. Ал 2022-жылдын июнь айында камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости