www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иштебей жатып кайра жабылган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинен 700 миллион сомдон ашуун каражаттын дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Теңиз Бөлтүрүк жетектеген "Улуу көчмөндөр мурасы" ишканасы ачылганда 3 миллиард сом бөлүнгөн. Финансы министрлиги бизге берген маалыматында 2 миллиард сом кайтарылганын, 700 миллиондон ашуун акча жоголгонун айткан. Бармак басты, көз кысты кылбай маалыматты так бериңиздер. Мен былтыр суук айылда жылуулук системасы иштебей жаткан мектеп үчүн 3 миллион сурап ала албай койдум. Дагы бир мектепке 500 миң сомго беш компьютер алып бере албадым. Финансы министрлиги "акча жок" деп койгон. Ал эми бул жерде 700 миллион сомдун изи жок", -  деди Токтошев.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости