www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын баш калаасында Тышкы иштер министрлигинин имаратынын кире беришиндеги жардырууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды.
Согушчан топтун Amaq маалымат агенттиги кабарлагандай, жанкечти коопсуздук жабдууларынан өтүп, өзүн күзөтчүлөрдүн ортосунда жардырган.
Окуядан 21 адам каза болуп, он киши жараат алды. Бул күнү Кытайдын делегациясы Тышкы иштер министрлигинин имаратына барышы керек эле.
Бээжин Кабулдагы кол салууну кескин айыптап, талибердин өкмөтү бардык өлкөлөрдүн жарандарын, анын ичинде кытай жарандарын коргой алат деп үмүт артарын билдирди.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэнбин терактта каза болгондордун арасында кытай жарандары жоктугун айтты.
Былтыр декабрда Кабулда куралчан топ кытайлык ишкерлер турган мейманкананы аткылаганда беш кытайлык жабыркаган. Андан кийин кытайлык инвесторлор Ооганстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгарын билдирген.
Ооганстанда 2021-жылдын августунда талибдер бийликти басып алган. Андан бери өлкөдө талибдер менен касташкан “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулдары күчөдү.
Ооганстанда айрыкча аялдардын укугун кескин басмырлаган талибдердин бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт.
"Талибан" кыймылы көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg