www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1. КР УКМКнын бүгүнкү күндөгү жарандардын көз алдындагы образы кандай — оң же терс?
Бул жерде УКМК кандайдыр бир белгилүү бир образды калыптандыруу үчүн иштебестен, улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган милдеттерин жана функцияларын так аткаруусу керектигин баса белгилөө маанилүү. Мисалы, УКМКнын образы бир тараптуу оң же терс болушу мүмкүн эмес, анткени анын айрым иш-чаралары коомчулукта оң реакцияны жаратат, ал эми жеке адамдардын кызыкчылыктарына таасир эткен учурларда сын-пикирлердин жаралуусуна алып келет.
Бүгүнкү күндө биз кырдаалды сергек баалап, коомдун мыйзамдуулукка, ачык-айкындуулукка жана адилеттүүлүккө болгон талабын так көрүп турабыз. Биздин максатыбыз – медиа рейтингтерди же жасалма имиджди түзүү эмес, чыныгы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу. Ар бир чечимдин мыйзамдуу жана негиздүү болушу биз үчүн принципиалдуу түрдө маанилүү. Дал ушул критерий боюнча биз өз ишибизди системалуу түрдө жүргүзөбүз.
2. Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден бери кандай өзгөрүүлөр болду?
Баарыбыз түшүнүшүбүз керек, УКМК — бул конкреттүү бир адам үчүн түзүлгөн орган эмес, ал мыйзамдын жана мамлекет койгон милдеттердин негизинде иш алып барган мамлекеттик институт. Албетте, жетекчиликтин алмашуусу — мамлекеттик институттун өнүгүүсүндөгү табигый этап. Азыркы биздин багытыбыз мекемени системалуу модернизациялоо.
Негизги өзгөрүүлөр ички тартипти күчөтүүгө, штаттык түзүмдү оптималдаштырууга жана кол менен башкаруудан катуу институционалдык иш механизмдерине өтүүгө байланыштуу болду.
Бирок негизги милдеттер өзгөрүүсүз бойдон калууда — мамлекеттин жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу.
3. Эмне үчүн УКМК кызматкерлери тарабынан кыянаттык кылууга жол берилди?
Биз жашырбайбыз, тескерисинче, болуп өткөн кыянаттык фактыларын аныктоого кызыктарбыз. Бирок ошол эле учурда белгилеп кетүү керек, бул мамлекеттин позициясы же УКМКнын саясаты болгон эмес. Мындай учурларды мамлекеттик саясатка каршы келген, жеке кызыкчылыктарын көздөгөн айрым кызмат адамдарынын мыйзам бузуу аракеттери катары түшүнүү зарыл. Бул жерде ошол айырманы так ажырата билүү маанилүү.
Бир дагы күч түзүмү абийирсиз кызматкерлерден толугу менен корголгон эмес. Бирок негизги маселе — система буга кандай жооп кайтараарында. Бизде мындай көйгөйлөр жашырылбайт, тескерисинче, аларды түп-тамыры менен жоюу боюнча катуу иштер жүргүзүлүп жатат.
Менин оюмча, кыянаттык фактыларынын келип чыгуу себептери түшүнүктүү, булар:
ыйгарым укуктардын кеңири болушу, бирок ички көзөмөлдүн жетишсиздиги;
адамдык фактор.
Мындан улам белгилеп кетүү керек, азыркы учурда бул багытта күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүп жатат. Негизги басым процессуалдык жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун көзөмөлдөөгө, ошондой эле жоопкерчиликтин сөзсүз болушу принциптерине багытталган.
Андыктан УКМК органдарынын катарын тазалоо процесси ээлеген кызмат ордуна, погонуна жана наамына карабастан улантылат.
4. Азыркы ачык саясатка өтүү мезгили (мисалы, Токмок боюнча активисттердин жана журналисттердин иштерин кайра кароо) УКМКны реформалоо жана саясий куугунтуктоодон баш тартуу менен байланыштуубу?
Бул жерде сот чечимдерин кайра кароо жана тергөө иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө маселелери сот жана көзөмөл органдарынын карамагында экенин белгилей кетүү керек, алар ошол учурда бүгүнкү күндө каралып жаткан иштер боюнча да тиешелүү чечимдерди кабыл алышкан.
УКМКнын юридикалык жактан жарандардын эркиндигин чектөө же алардын мүлкүн конфискациялоо боюнча бир тараптуу чечимдерди кабыл алууга укугу жок экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Көзөмөл жана сот органдарынын процессуалдык чечимдери негизги, чечүүчү элемент болуп саналат.
Ошондуктан, мен бул бир гана мамлекеттик органдын же кызмат адамынын көйгөйү болбошу керек деп эсептейм. Тескерисинче, ал терең тамырлаган жана системалуу көйгөйлөрдү ачып берет, өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги учурда алардын чечимине көңүл буруп жатат.
Бир катар кылмыш иштерин кайра кароо — бул укуктук аудиттин жана мыйзамдуулукту так сактоого багытталган саясаттын жыйынтыгы. Эгерде ишти кароо учурунда процесстик бузуулар, тергөөнүн каталары же далилдер базасынын жетишсиздиги аныкталса, мыйзам тиешелүү чечимдерди кабыл алууну талап кылат жана бул толугу менен туура.
Ошондуктан, кылмыш иштерин кайра карап жаткан ыйгарым укуктуу органдарды өткөндөгү каталарды кайталабоого жана мыйзам талаптарын, ошондой эле кылмыш-жаза процессуалдык нормаларды так сактоого чакырам.
«Саясий куугунтук» деген түшүнүк негизинен биздин ишмердүүлүккө колдонулбашы керек. Тийиштүү түрдө, УКМК саясий куугунтуктун куралы болбошу зарыл.
Биздин негизги функцияларыбыз — коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы күрөшүү, конституциялык түзүлүштү коргоо жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү.
Ачык айтканда, биз үчүн иштердин саны эмес, алардын юридикалык жактан кемчиликсиз аткарылышы маанилүү. Ал эми бүгүн орун алып жаткан өзгөрүүлөр — бул, чындыгында, мыйзамды жана процесстик тартиптерди катуу сактоого кайтып келүү болуп саналат.
5. Эмне үчүн катардагы жарандардын коопсуздук кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттанууларынын саны өсүүдө?
Кайрылуулардын статистикасы УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин же мекеменин ишинин объективдүү көрсөткүчү болуп эсептелбейт. Ар бир келип түшкөн даттануу ыйгарым укуктуу көзөмөл органдары тарабынан милдеттүү түрдө изилденүүгө жана текшерүүгө жатат. Дал ошол органдар сот органдары менен биргеликте биздин кызматкерлердин аракеттерине акыркы укуктук баа беришет.
Бул жерде атайын кызматтардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл. Практикада биз мыйзам бузган адамдар көп учурда даттануу механизмин атайын коргонуу тактикасы катары колдонорун көрүп келебиз. Алар үчүн бул — тергөө органына басым көрсөтүү, жоопкерчиликтен качуу же өздөрүнүн жеке маселелерин укуктары бузулду деген шылтоо менен чечүүгө аракет кылуу болуп саналат.
Ошондуктан, бул маселеде биз күнөөсүздүк презумпциясы принцибине бекем карманабыз. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери кимдир бирөөнүн билдирүүлөрүнүн негизинде гана күнөөлүү деп таанылышы мүмкүн эмес.Эгерде соттор кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну далилдесе, кызматкер мыйзамдын толук көлөмүндө жоопкерчилик тартат. Ошондуктан, даттануулардын өз милдеттерин абийирдүү аткарган кызматкерлердин негизсиз дискредитациясынын куралына айланышына жол бербөө маанилүү.
6. УКМКнын катардагы кызматкерлерин түздөн-түз жетекчилеринин мыйзамсыз буйруктарынан коргоо үчүн кандай чаралар каралган?
УКМКнын ар бир кызматкеринин — катардагы кызматкерден тартып жогорку жетекчиликке чейин — ишмердүүлүгү бирдиктүү стандартка баш ийет, ал да болсо мыйзамды так сактоо. Биз өз ишибизде Конституцияны, ченемдик укуктук актыларды жана ички укуктук мекемелик актыларды гана жетекчиликке алабыз.
Улуттук коопсуздук органдарындагы башкаруу архитектурасы мыйзамсыз буйруктардын берилишине системдүү түрдө жол бербегендей кылып курулган. Ар бир буйрук катуу укуктук негизге таянат жана жетекчилер өз чечимдери үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Ошентсе да, мыйзам бардык мүмкүн болгон кырдаалдарды эске алат. Эгер өзгөчө учурларда же адам факторунун таасири менен ушундай жагдай жаралса, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин укуктук статусун жөнгө салган ченемдик актыларда толук укуктук коргонуу механизмдери каралган.