www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан Парламенттер аралык бирликтин Ассамблеясынын жыйынына катышты.

«Үмүттү жаратуу, тынчтыкты орнотуу жана келечек муундар үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылуу» темасында уюштурулган жыйында сөз сүйлөгөн Төрага алгач англис тилинде катышуучуларга кайрылып, Ассамблеянын 152-жыйынын ийгиликтүү өткөрүп жаткан түркиялык кесиптеши Нуман Куртулмушка ыраазычылык билдирди.

Ошону менен катар талкууланып жаткан темалар жалпы дүйнө үчүн маанилүү экенин белгилеген Марлен Маматалиев: «Парламенттер – туруктуу институттарды түзүүдө, укуктун үстөмдүгүн камсыз кылууда жана адам укуктарын коргоодо негизги ролду ойнойт. Мыйзам чыгаруу, парламенттик көзөмөл жана жарандар менен ачык диалог аркылуу биз ишенимди бекемдеп, узак мөөнөттүү тынчтыкка шарт түзө алабыз» – деп кошумчалады.

Андан тышкары, билим берүүнүн күчү тынчтыкты орнотууда, айрыкча куралдарды жайылтпоо чөйрөсүндө бааланбай калганына токтолгон Төрага: «Буга байланыштуу, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 5-мартты Куралсыздандыруу жана куралды жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнү деп жарыялаган. Ал эми өткөн жылы өлкөбүз Ядролук куралдарга тыюу салуу жөнүндө келишимге кол койгон. Биздин дүйнө ядролук куралсыз өнүп-өсүшү керек жана адамзаттын бул ойлоп табуусу тынчтык максаттарда гана колдонулушу зарыл деп эсептейбиз», – деди.

Муну менен бирге Кыргызстан 2027-2028-жылдарга карата Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөтүп жатканын билдирген Төрага: «Кыргызстандын талапкерлиги Борбордук Азиянын бардык мамлекеттери тарабынан колдоого алынды. Андыктан Коопсуздук Кеңешинде Борбордук Азия чөлкөмүнүн атынан чыгып, аймакка тиешелүү маселелер боюнча иш алып барабыз. Айрыкча начар өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, ошондой эле деңизге чыга албаган мамлекеттердин маселелерин чечүүгө умтулуп, тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз», – деп кошумчалады.

Өз баяндамасында Кыргызстан климат, суу жана туруктуу өнүгүү маселелерине да өзгөчө маани берерин белгилеген Марлен Маматалиев: «Биз айлана-чөйрөнү коргоону адамзаттын жалпы милдети деп эсептейбиз, анткени жаратылыш мамлекеттик чек араларды билбейт. Тилекке каршы, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери барган сайын күчөп, кургакчылык, мөңгүлөрдүн эриши, экосистемалардын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн өзгөрүшү баарыбызга коркунуч жаратууда. Андыктан, Кыргыз Республикасы бирдиктүү системанын эки уюлу болуп саналган «тоолордон океанга чейинки» аталыштагы табигый системалардын өз ара байланышын таанууну колдойт. Бирок деңиз жана жээктеги экосистемаларды камсыз кылган дарыялар тоолордон башталарын унутпашыбыз керек. Ушул контекстте Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жоктугуна карабастан, өткөн жылы биз Деңиз биологиялык ар түрдүүлүгү жөнүндө келишимди ратификацияладык», – деди.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасы глобалдык деңгээлде тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык күч-аракеттерге активдүү катышып, тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоо экосистемаларынын, тоо жамааттарынын көйгөйлөрүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып жатканын айткан Төрага: «Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялаган. Ал эми 2023-2027-жылдар «Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» деп белгиленген. Ага ылайык биз 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек+25 экинчи глобалдык саммитин уюштурууга даярданып жатабыз. Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү талкуулоо платформасына баарыңыздарды чакырабыз», – деди.

Ошондой эле жыйындын катышуучуларын быйыл сентябрь айында боло турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна да чакыра кетти.

«Парламентарийлер – бул элдин үнү. Бирок бүгүн биз келечектин да үнү болушубуз керек. Келечек муундарыбыздын кызыкчылыктары биз кабыл алып жаткан ар бир мыйзамда эске алынууга тийиш. Өнүгүүнүн пайдасы бардык адамдарга жеткиликтүү болуп эл аралык кызматташтыктын негизинде адилеттүүлүк, инклюзивдүүлүк жана тилектештик принциптери бирдей колдонулганда гана «Үмүттү жаратуу, тынчтыкты орнотуу жана келечек муундар үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылуу» мүмкүн деп эсептейбиз», – деп жыйынтыктады Төрага Марлен Маматалиев.

Эскерте кетсек, иш-чарага дүйнөнүн 157 мамлекетинен парламенттик делегациялар катышууда.

Последние новости