www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азаттык" радиосунун өзбек редакциясынын ("Озодлик" радиосу) кызматкерлери президенттик шайлоо алдында көптөгөн коркутууга туш болууда. Бул тууралуу маалымат басылманын сайтында жарыяланды.

16-октябрда 30 мүнөттүн ичинде "Оздодликтин" телеграм-каналына журналисттерди жана алардын туугандарын коркутуп-үркүткөн ондогон билдирүү жазылган. Билдирүүлөр баш кесүү, сексуалдык зомбулук жөнүндө опузалар жана порнография менен коштолгон. Айрым комментарийлерде "Оздодликтин" чыныгы максаты – Өзбекстанда козголоң чыгаруу, тынчтыкты бузуу жана президенттин кадыр-баркын кетирүү" экени айтылган.

Коркутуп-үркүтүүлөр жашыруун аккаунттардан келип түшкөн, бирок кызматкерлер кеминде эки билдирүү соцтармактарда бийликтин саясатын үгүттөгөн аккаунттардан жазылганын аныкташкан.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай өзбек кызматына жолдонгон опузаларды "жийиркеничтүү" деп атап, Ташкенди - көз карандысыз ЖМКларды коркутуу тактикасын токтотууга чакырды. Өзбекстанда "Азаттыктын" өзбек кызматынын сайты 2019-жылдан бери бөгөттөлгөн.

Өлкөдө президенттик шайлоо 24-октябрга белгиленген. БШК каттаган беш талапкердин арасында Либералдык-демократиялык партия көрсөткөн азыркы президент Шавкат Мирзиёев да бар. Анын атаандаштары - социал-демократиялык "Адолат" партиясынан Бахром Абдухалимов, Экологиялык партиядан Нарзулло Обломурадов, Демократиялык партиядан Алишер Кодиров жана Элдик-демократиялык партиядан Максуда Ворисова болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости