www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин администрациясы - “Электр станциялары” ишканасы казакстандык Hampton Resources Limited компания менен келишим түзүшү керек делген министрлер кабинетинин жарыяланган тескемесине байланыштуу түшүндүрмө берди. Анда мындай деп айтылат:

Президент Садыр Жапаровдун Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатындагы тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, абага зыяндуу бөлүнүүлөрдүн көлөмүн төмөндөтүү жана борбордогу экологиялык кырдаалды жакшыртуу, ыш (смог) боюнча кырдаалды чечүү, ошондой эле, 2021-2022-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилден ийгиликтүү өтүү максатында министрлер кабинети бир катар натыйжалуу чараларды көрүүдө.

Маселенин таржымалы тууралуу

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстан Республикасынын Караганда облусунда иш сапары менен болуп, ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Андан соң борбордук ЖЭБде «КО» маркасындагы 7 миң тонна көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсү болуп, анын жыйынтыгы боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту ал көмүр концентратын күйгүзүүнүн натыйжалуулугу боюнча тийиштүү корутунду берген.

«КО» маркасындагы көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсүнүн жыйынтыгы дагы анын экологиялык кырдаалга оң таасир тийгизгенин көрсөттү. Муну менен төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр пайда болот:

- электроэнергиясын иштеп чыгууну жылына 1,2 млрд кВт-саттан 6,0 млрд кВт-саатка чейин көбөйтүү;

- электроэнергиянын кВт-саатынын өздүк наркын 3,93 сомдон 1,75 сомго чейин жана  1 Гкал/с жылуулук үчүн бааны 900-945 сомго чейин төмөндөтүү;

- Бишкек ЖЭБиндеги 4,5 млрд сом өлчөмүндөгү жылдык чыгымдарды жокко чыгаруу жана жылына 1,1 млрд сомдон кем эмес киреше алууну камсыздоо. Мындан сырткары, станцияны өзүн өзү актоого жана өзүн өзү каржылоого чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүү;

- Бишкек шаарынын ЖЭБинин агрегаттарын жогорку натыйжалуу жабдуулар менен жаңыртууга инвесторлорду тартуу;

- ыш (смог) маселесин чечүүгө көмөктөшүү экологияга оң таасир этет.

Экономикалык натыйжа тууралуу мисал катары, долбоордук эмес көмүрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырма анализден, отунду даярдоо тилкелеринде билдердин (көмүрдүн майда элементи) аз чыгымдалышынан, тегирмен, керней жана күл-шлакты тазалоонун эсебинен үнөмдөө камсыздалат. Муну менен каражаттын көп эсе үнөмдөлүшү камсыздалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости