www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 393 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.
Ведомстводон билдиришкендей, катталган эл аралык байкоочулардын арасында төмөндөгү уюмдардын өкүлдөрү бар:
Филиппиндин Шайлоолор боюнча комиссиясынын;
КМШнын Байкоочулар миссиясынын;
Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин;
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин;
Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин;
Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин;
Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин;
Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин;
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын;
Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын;
ШКУ жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун;
Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү.
Ошону менен бүгүнкү күнгө карата 30-ноябрда өтө турган шайлоого жалпысынан 770 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.