www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-ноябрда саат 19:37де Жалал-Абад облусунда 3 баллдык жер титирөө катталды.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу: Токтогул шаарчасынан 58 чакырым түштүк-чыгышта, Тахталы тоолорунда, Жетиген айылынан 5 чакырым түштүктө, Чалдовар айылынан 6 чакырым түштүк-батышта, Кызыл-Өзгөрүш айылынан 10 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү: Жетиген, Чалдовар айылдарында 3 баллга жакын, Кызыл-Өзгөрүш айылында - 2,5 баллды түздү.