www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тескерисинче, айып салуу, ал тургай, кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу жазалоо шайлоо жараянына катышуу үчүн бара турган шайлоочуларды иренжитет. Андыктан жазалоо эмес, кубаттоого алуучу демилгелер логикалуу болот.
Мындай пикирин саясат таануучу эксперт, БШКнын мурдагы кызматкери Айдосов Айболот билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстанда шайлоодо шайлоочулардын аз келишине байланыштуу жаңы өзгөчө чараларды кабыл алуу аркылуу элдин көзүн ачышы керек.
Депутаттар учурда шайлоого катышпаганы үчүн шайлоочуларга айыппул салуу керек деген маселени көтөрүп жатышат. Эгер мындай логика менен кете турган болсок, жакында кылмыш жазасын киргизүүнү сунушташат. Айдосов Айболоттун көз карашында ушул сыяктуу демилгелер эл менен мамлекеттин ортосундагы ажырымды тереңдетип, БШКга болгон ишениминди жоготот.
Саясат таануучу анын ордуна шайлоого катышуу үчүн дем берүү системасын иштеп чыгууну сунушун киргизүү туура деп эсептейт. Мисалы, шайлооого добуш берүүгө катышкан шайлоочу мамлекеттик кызматтардын бирин акысыз каттоодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алышы керек. Дагы бир дем берүү мамлекеттик дарыканалардан дары-дармектерди сатып алууда арзандатуу же коомдук транспортто 5-10 эсеге чейин акысыз жүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү. Мунун баары шайлоо процессине кызыгууну жаратат.
Айдосов жакында ал өзүнүн идеяларын «Шайлоого барам» тиркемесинин алкагында БШКда сунуштады. Жаш эксперттин айтымында, шайлоо процесстерин уюштуруучулардын реакциясы оң болду. Бирок чыныгы кадамдар кандай болорун күтүү керек.