www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук ИИББнин кадрлар боюнча начальниги Руфат Абдуразаков кызматынан бошотулду. Ал УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Эльдар Жакыпбековдун карындашынын жолдошу экени белгилүү болду. Бул тууралуу кактус басылмасы жазып чыкты.

Ошондой эле Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги Чыңгыз Токолдошев ээлеген кызматынан алынды. Ал Жакыпбековдун жакын досу болуп саналат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын оперативдик иштер боюнча начальнигинин орун басары Айзатбек Учбаев да кызматынан бошотулду. Ал дагы Жакыпбековдун жакын досу экени айтылууда.

10-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле УКМКнын төрагасынын үч орун басары кызматтан алынды.

14-февралда УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси алмашты. Эльдар Жакыпбековдун ордуна Улан Бийбосунов дайындалды.

15-февралда Жакыпбеков кармалды.

16-февралда Салмоор Жумабеков УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду.

Последние новости