www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз эркектер ЭРКЕК деген сөзгө татыктуу болушубуз керек! Үйүнө барып, катын, тамак кана?! - деген эле киши эркек эмес! Мындай пикирин журналист Шайырбек Абдрахман өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Кыздар бизге идеология болуп бере алышат.

Кыздар жөнүндө эле сүйлөй беребиз. Андай болушу керек, мындай болушу керек, тигинтип жүрүшү керек, антпей жүрүшү керек, минтпей жүрүшү керек, ал, бул иий койчу иши кылса толтура сөздөрдү айтабыз.

А билесизби? Биздин жашоо, биздин өлкөнүн кебетеси, биздин экономика, биздин шаарлар, мектептер, университет, Ак үй, чиновниктер, депутаттар, деги койчу керек болсо таштанды талааларыбызга чейин бул биздин ички дүйнөбүздүн сырттагы кебетеси. Чын! Ар бирибиздин жашообуздагы өйдө ылдыйлар бул өз кыймыл аракетибиздин, ойлорубуздун, ниетибиздин майнабы эмеспи.

Анын сыңарындай кыздар да ЭРКЕКТЕРДИН күзгүсү. Биз аялдарыбызды кордоп албадыкпы. Биздин коом аялдар үчүн эң коопсуз коом да. Аялдарга качан өзгөчө көңүл бурдук биз? Ушу аялдар союздан кийин солдоюп тамдын капталына отуруп бергенде чаар сумке көтөрүп көрбөгөн кордукту көрүп кыргызды бакты го!

Кыздардын келечегине ким кам көрүшү керек эле? Жанагы кыздар мындай жүрүшү керек, андай жүрүшү керек деген немелерден сурайт элем, кыздарыбыздын кызырлуу турмушу үчүн эмне кылып койдук биз!?

Эркек деген сөздүн артында элин жерин коргойт, мекенди сактайт, башкаларга журтун кордотпойт, кыздарынын жакасына үкү тагып бапестейт, таап келет, багат, аял затына чеп болот деген баалуулуктар тураарын биз качан ыйык туттук?

Ооба мен бардык эркектаналарды айтуудан алысмын албетте. Бирок бизде аялдын мойнуна да артынып алгандан айбыкпагандар көп да.

Эмне үчүн эркектер биз арак ичпейли, билим алалы, калп айтпайлы, уурдабайлы, бирөөнүн бирдемесине көз артпайлы, чымыр, чың жүрөлү, ой энеңди тетигил кыз тигинтип алыптып дегенден мурун, тетигил эркек былчыйып семирип алыптыр, шөлпөйтүп курсак салып алыптыр, окубаптыр, билимсиз экен, түркөй экен, жалкоо экен, катын мүнөз экен, шайлоодо добушун аракка, акчага сатат экен, үй-бүлөсүнө карабайт экен, кызына татыктуу ата эмес экен, ошого кызы талаалап кетиптир иттин дебейбиз я!?

Биз эркектер күчтүү, кудиреттүү, илим билимдүү, табышкер, эпчил, аракетчил, максаттуу, намыстуу болсок аялдар алпейим болбой кайда барат? Ошого айтып жатам аялдар биздин күзгү деп. Дүйнөдө аялдарын үлпүлдөтүп койгон коомдор толтура. Үйлөнсө махыр деп бир үйдүн акчасын аялга бергендер жокпу? Кийиттке келген кийимди кийген эркектер бар гоо елки...

Ээй, кыздарыбыз кызырлуу болсун десек биринчи биз эркектер оңолушубуз керек! Биз эркектер ЭРКЕК деген сөзгө татыктуу болушубуз керек! Үйүнө барып, катын, тамак кана?! - деген эле киши эркек эмес да байболгур!

Оку, билим ал, эмгекчил бол, табышкер бол, өзүңө жакшы кара, бекер жүрбө, изден, катын кызыңды канышадай бак, шартын түз, билим алсын, байгер жашасын, эркин ойлонсун, бирөөнүн көзүн карабасын! Өлүп эле калсак билбейм, кудай өмүр берип өлбөсөк менимче ошондо ар бир кыргыздын кызы кымбат, кадыры бийик болот. Биз аял кыздарыбызды жакшы багабыз, ай ааламга тентитпей кастарлап, кадырлап алабыз деп жашасак ал турмак өлкөбүз да өнүгүп өсүп кетет! Чыныгы намыскөй эркек үчүн башка мындай мотивация, мындай идеология жок болсо керек! Чын айтам!

Ишенбесең ушинтип жашап көр!!!», - деп белгилеген журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости