www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов өзүнүн Телеграмдагы каналында үйлөнүү үлпөт тоюнда жубайына кол көтөргөн жигитке кандай чара көрүлгөнүн жазды.

Буга чейин үйлөнүү тойдо эл көзүнчө жубайынын башына чапкан жигиттин окуясы резонанс жараткан. Окуянын башка өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттары да жазган. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, окуя ушул жылы 6-июнда Сурхандарыя облусунун Узун районунда болгон.

Буга чейин Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары окуя 2 жыл мурун болгонун жазышкан. Башкы прокуратура билдиргендей, эки жаш окуядан кийин ажырашкан эмес.

Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери жигитти табышкан. Ал майда бейбаштык беренеси менен административдик жазага тартылган. Ошондой эле иш сотко өткөрүлүп берилген.

Андан тышкары укук коргоо органдарынын өкүлдөрү баш кошкон эки жаш менен, андан тышкары алардын ата-энелери менен профилактикалык маек жүргүзүшкөн.

Чуу жараткан видеодо көрүнгөндөй, эки жаш үйлөнүү тоюнда момпосуй ачып жарышкан. Оюнду турмушка чыгып жаткан кыз жеңген. Утулуп калган жолдошу аны башка чапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости