www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжайда курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында Кадамжай районунун тургуну Э.Р.Б. кармалып, жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

"Тинтүүнүн натыйжасында 220дан ашуун (5,45, 7,63), ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылып алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда Э.Р.Б. Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости