www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путиндин официалдуу жубайы жок, мурунку аялы менен ажырашып, жаңы никеге тура элек. «Эл оозунда элек жок» дейт, аны мурун түбү кыргызстандык Алина Кабаева менен байланыштып жүрүшчү.

Албетте, азыр Украина болуп жаткан чатакка үй-бүлөнү ойлоого шай жок. Владимир Путин канчанчы ирет президент болуп шайланды, эсептен жаңылып калдык.

А бирок биринчи жубайы менен официалдуу ажырашып, «шакегин тескери ыргытканына» күбѳлѳр бар. «Шакегин тескери ыргыткан» Владимир Владимирович никеге тура элек.

Бирок, эки баласы бар экенин, Алина Кабаева Россиянын Биринчи ледиси болбосо да Путиндин кадыры менен кошуп койолу.

Алина Кабаева Жылдыздай кыргыз кызы деп,

ЖКда, сыймык ушу кеп.

ЦАдан узап кеткенде,

Саргая түшкѳн киши кѳп.

Алина айым жаш туруп,

Спортту сүйдү, аш кылып.

Башынан байкап жүргѳн го,

ВВП сизди жактырып.

«Путать» да кылба озунуп,

Путинди сүрѳ кошулуп.

Тѳркүлѳп келген жаш кыздай,

Тѳргѳ да чыккын отуруп.

Түндүккѳ барсаң, баш жейсиң,

Түштүккѳ барсаң, аш жейсиң.

Путинге ашык сүйлѳсѳң,

Бурулуп келет, таз кейпиң…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости