www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Корея өз жарандарынын Орусия жана Беларусь менен чектеш аймактарына баруусуна тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги тарабынан жарыяланган билдирүүдө, 4-деңгээлдеги саякат эскертүүсүнүн алкагында жарандардын Орусия жана Беларустун Украина менен чектеш аймактарына баруусуна тыюу салынганы кабарланды.

Тыюу салуу 8-марттан баштап күчүнө кирерин белгилеген министрлик, саякат эскертүүсү камтылган аймактарга саякаттаган түштүк кореялыктардын тиешелүү мыйзамдардын негизинде жазаланышы мүмкүн экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги, Украинага согуш жарыялаган Орусияга каршы санкциялар киргизилген деген жүйө менен бул өлкөгө баруудан алыс болууну суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости