www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия дос эмес өлкөлөрдүн жана аймактардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу РФнын министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, тизмеге Австралия, Албания, Андорра, Улуу Британия, анын ичинде Жерси, Ангилья, Британ Виргин аралдары, Гибралтар, Евросоюзга мүчө мамлекеттер, Исландия, Канада, Лихтенштейн, Микронезия, Монако, Жаңы Зеландия, Норвегия кирген, Корея, Сан-Марино, Түндүк Македония, Сингапур, АКШ, Тайвань, Украина, Черногория, Швейцария, Япония кирди.
Буйрук президенттин 2022-жылдын 5-мартындагы “Айрым чет өлкөлүк кредиторлордун алдындагы милдеттенмелерди аткаруунун убактылуу тартиби жөнүндө” жарлыгынын алкагында даярдалды.
Ага ылайык, орус жарандары жана компаниялары, мамлекеттин өзү, анын аймактары жана муниципалитеттери чет өлкөлүк кредиторлордун алдында достук эмес өлкөлөрдүн тизмесинен валюталык милдеттенмелери бар болсо, аларды рубль менен төлөй алышат. Бул үчүн карызкор орусиялык банктан чет өлкөлүк кредитордун атына атайын рубль эсебин түзүүнү жана ага төлөмдөрдү Борбордук банктын төлөм күнүндөгү курсу боюнча рубль эквивалентинде которууну суранса болот.
Булак: NazarNews.kg