www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Атамбаев Азаттык деген бузукулардан турган каналдын бир топ журналистеринин ичинен Алини бекеринен тандап алып, Раимбек Матраимовго агытып кое берген эмес да. Мындай пикирин бүгүн, 16-февралда жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Бул Али Токтакунов деген шакал жалаң кыргыз элинин душмандары менен тил табышып, ошолордун заказын аткарат. Үч жылдан бери шыйпаңдап Атамбаевдин аяк-быягына өтүп, ошонун заказын аткарып жүрдү. Отунбаеваны өзүн тууган апасынан да жакшы көрөт болуш керек. Мына эми Текебаев менен жолугуп, мындан кийин эмне деп сүйлөштү, кимдин үстүнөн жугунду куюш керек деген кезектеги тапшырма алып жатса керек.

Атамбаев Азаттык деген бузукулардан турган каналдын бир топ журналистеринин ичинен Алини бекеринен тандап алып, Райымбек Матраимовго агытып кое берген эмес да. Кылмышы башынан ашып жаткан Атамбаевди иликтебей, тескерисинче аны менен жытыгышып жүргөн ушул эл бузарды "Али азамат" дегендер да чыгып жатат. Жугундукорлор Атамбаевдей кылмышкерди колдошуп, Алиге окшогон таштандыларды тандашат да. Көр көрдү карангыда табат дегендей, бузукулар да бирин-бири жамандыкта таап алышат”, - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости