www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев Мадумаровду президент, Бабановду премьер, Али Токтакунов деген шүмшүктү КТРКнын жетекчиси, Сурабалдиеваны вице премьер, Курсан Асановду УКМКга, Момбековду колтугунун түбүнө секретарша кылып алам деген болуш керек ошол кезде. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Сыйлап, ырдаганын баалап, жакшы деп жүргөн адамың сен ойлогондой түзүк чыкпай калса, колунан нанын жулдурган баладай болуп, адашып калган экенмин деп өзүңдү күнөөлөй баштайсың адам.

Мирбек Атабековдун ырларын жаздырып алып угуп, а түгүл телефонумдун звоногуна койдуруп жүрчүмүн.

Былтыр 9-10 октябрда Атамбаевди жандап туруп калгандан бери, ушул ырчы жөнүндө сөз болсо, итиркейим келе турган болуп калды. Саясатчы болбогон соң, Кудай берген талант болгондон кийин, Атамбаевдин жанында эмне кылып жүрдү деп күнү бүгүнгө чейин ойлой берем.

Атамбаев Мадумаровду президент, Бабановду премьер, Али Токтакунов деген шүмшүктү КТРКнын жетекчиси, Сурабалдиеваны вице премьер, Курсан Асановду УКМКга, Момбековду колтугунун түбүнө секретарша кылып алам деген болуш керек ошол кезде. М.Атабековго эмнени «обищать» этти экен. Филормонияныбы же опера балет театрынбы? Мүмкүн чоң акча бергендир колдоп турганы үчүн? Андай эле болбой, менин божомолдорум жалган болуп чыкса, анда бир эле вариант калат: учуна чыккан трайбалист. Ошондогу сөздөрүндө трайбалистик былгытма сезилип турат. Бийлик башындагылар, акындар, артистер, академик-профессорлор булар элдик адамдар. Булар үчүн улуту, жашаган жери, өңү-түсү, бай-кембагалы, арык-семизи, узун-кыскасы бирдей болуш керек да.

Эми болсо беш ай Америкада жүрүп келип эле, Кыргызстандын абасына адаптацияланыш керек дейт, тобо кылдым. Өлбөгөн эле мигранттардын жаны, 20 жылдап орусиянын Калинингадынан баштап Чукотка, Якутияларында жүрүшүп, Кыргызстанды сагынганда: өлкөнүн абасын, коронавирусун, кымбатчылыгын, кургакчылыгын көңүлдөрүнө илбей канат байлап учуп барышкан», - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости