www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

«Жараткан аялзатын эркектин кабыргасынан жаратканы жөндүү. Бутунан эмес, ылдый болуп кемсинтип калбасын, башынан эмес, бийик болуп аша чаап кетпесин, колдун алдында - ар дайым коргоодо турсун, жүрөктүн тушунда, ар дайым сүйүктүү болсун» деп жараткан дешет.

Ар бир аялзаты үчүн Өмүр шерик, Өмүрлөш, Өмүрлүк түгөй деген сөз өтө маанилүү. Туулган күндү утурлай майрамдык маанай тартуулаган өмүрлүк жубайларыбызга ыраазычылык! Ыйласак көз жашыбызды аарчып, кубансак ортоктош болуп, ийгиликке жетсек, кошо чуркап, турмуштун түйшүгүндө ар бир чечимибизди сыйлап, эркиндигибизди чектөөгө албай, «тээтиги эркек эмнеге сени карады, жаныңда отурган эркек ким, тиги эмнеге чалды» дебей, аялдык бактыбызды толтуруп, коомдогу ордубузду да сыйлаган ушул мырзаларга рахмат айткым келет. Чекесинен өөп, коргоого алып, жөлөп-таяп, артында бийик тоосу, бекем чеби бар ар бир аялзаты бактылуу. Кыргызстандын ар бир аялзатынын артында бийик тоосу, бекем чеби болсун! Ар бир аял бактылуу болууга татыктуу. Майрамыңыздар менен!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости