www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британия мектептерин кайрадан ачты

Улуу Британиянын орто мектептеринде 8-марттан тартып күндүзгү билим берүү толугу менен башталат. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.

Өлкөдөгү мектептер январь айында эле жарым-жартылай ачылган, бирок кенже класстардын окуучулары азыркыга чейин онлайн окууга аргасыз болушкан.

Күндүзгү билим берүүнү толугу менен калыбына келтирүү чечими COVID-19 илдетине каршы жигердүү эмдөө менен байланыштуу болду. Бул ийгилик айрым чектөөлөрдү алып салууга, анын ичинде аралыктан онлайн билим берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берди.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Улуу Британияда бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 вакцинасынын биринчи дозасы менен бери дегенде 23 миллионго жакын киши эмделди. Бул натыйжа ооруканалардын түйшүгүн бир кыйла азайткан. Өлкөдө 66,2 миллиондон ашуун калк байырлайт.

Британ бийлиги марттын аягына чейин социалдык аралыкты сактоо эрежелерине байланыштуу чектөөлөрдү да кыйла жеңилдетет деп күтүлүүдө.

Пандемия башталгандан бери Улуу Британияда 4,2 миллиондон ашык кишиде коронавирус катталган. Жалпысынан, COVID-19 илдети менен ооруган 124,5 миң бейтап каза болуп 3,2 миллион бейтап айыгып чыккан. Бул тууралуу Worldometers статистикалык барагы маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости