www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен апек-чапек болуп жармашып, ысык мамиледе болуудан жаа бою качышыбыз керек. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов билдирди.

«Биз кыргыздар, өзүбүздүн улутубуздун баалуулуктары булганып, тилибиз, салтыбыз, кыргызча жашоо менталитетибиз тепселип жатканда намыс кылууну унутуп, ал эми өзүбүздүн мамлекеттин кызыкчылыгы, кыргыз элинин эртеңки күнү үчүн анча-мынча нерселерге көз жумуп кое турган мезгилде-намыскөй болуп кетебиз. 

Орустар менен жетимиш жылдан ашык бирге болуп, бир өлкөдө жашап жаман болгонубуз жок. Азыр деле, эгемендүү өлкөбүз деп көкүрөгүбүздү какканыбыз менен, орустарга байланыштуу экенибизди мойнубузга албай, кээде орустарды келишпес душмандай көз карашта көрүп жүргөнүбүз өкүндүрөт. 

Орустарга ачарчылык келсе, бизге келгени, орустарда согуш болсо, биз андан сыртта кала албайбыз, орустар өнүгүп-өркүндөсө, "чоң үйдөгү жылмайса, кичүү үйдөгү ырсаят" болуп, биз да өнүгүү жолуна түшөбүз. 

Мунун эмнесине намыс кылышыбыз керек?  Дүйнө жүзүндө саналуу эле улуу державалар бар. Биз окшогон майда өлкөлөр ошол державалардын этегин кармап, керек болсо: оту менен кирип, күлү менен чыгып" эле жашап келишет. Биз кара күчкө намыс кылгандан мурда, өзүбүздүн чамабызды таразалап көрүшүбүз керек. Биз үчүн орустардан башка сүйөнөр кайсыл күчтүү өлкө бар? Коңшулардын ар биринин ким экенин билип, самындарына кир жууп, жакшы эле молдо болуп калдык. 

Кытай менен апек-чапек болуп жармашып, ысык мамиледе болуудан этият болуубуз зарыл. Мамиле кылган күндө да, ортобузду дубал тосуп турганын эстен чыгарбашыбыз керек.  
Океандын ары жагындагы Америкадан мээси жарты, акылы кем адамдар гана жакшылык үмүт кылат, эл ичинен чыккан Рита, Өндүрүш, Улан Үсөйүн, Сооронкулова, Али, Болот, Ыдырыс, Азаттык, НПО сыяктуу ийри жыландарды кошпогондо.

Алар үчүн Кыргызстандын үстүнө асман түшүп кетсе да бир тыйын. Америкадан, адамдардын канына бөлөнгөн арам акчалар келип турса болду. Ушул адамдардын бирөөсүнүн да жеке турмушу башкалардай жакшы эмес. Себеби, кудайдын каарына калышканын өздөрү сезбей келишет. Аларды келечекте мындан да жаман күндөр күтүп турат. 

Менин айтайын деген сөзүмдүн түпкү максаты: ООНдун залында биздин мамлекет нейтральный болуп ортодо туруп бербей, орустардын тарабын алып коюшса, келечекте орустар бул аракетибизди эч качан эсинен чыгарбайт болчу. Мамлекеттер ортосундагы мамилеге да, орусияда жүргөн миллиондогон мигранттарга да жакшы болмок. 

Рита деген, ак үйдүн алдында вечный орнотулган чучело: "Украинаны колдобосок, эртең бизге санкция салып, кымбатчылык башталат" деп дөөдүрөп жатканын уктум. Элди жинди деп ойлойт окшойт бул сөйрүк катын. Жээнбеков кызмат берсе эптей албай, эки айда артына ылай шыбалган тупица элге акыл үйрөткөнүнө кээде адамдын өлгүсү да келип кетет. Андан көрө, Украинаны колдобосок, батыш биз шерменделерге акча бөлбөй коет- деп ачыгын эле айтпайбы?

Оруска келген санкция бизге келген санкция болуп эсептелет. Ансыз деле кымбатчылык кокодон алып турат. Бирок, орустар бул көйгөйдөн чыгып кетишет. Кудай буюрса, кайра жакшы күндөр келет. Нейтральный болуп, Момбеков окшоп арыкты аттап талтайып турбай, орустарды колдоп койсок, келечекте тилибиз узун, жүзүбүз жарык болмок. 

Эми, орустар Украинаны багындырып, өз адамдарын коюп, турмуш оңолуп жакшы күндөр келгенде, баары бир күн орустарга ишибиз түшөт. Дал ошол кезде, бүгүнкү нейтральный болуп туруп берген акмакчылыгыбыз пешенебизге келип муш болот. Кайсыл бетибиз менен орустардын көзүн тиктейбиз. Мына ушул нерседен намыс кылышыбыз керек эле. Тажиктер басып келип Баткенде үч күн согуш жүрүп жатса, кыргыздын эле эңгезердей жигиттери  ак үйдү курчап, бийликти кулатабыз дешкенине намыс кылышыбыз керек. 

Өзүбүздүн балдарыбыздын ырыскысын кыйган Атамбаев, Сапар, Албек окшогон ууруларды колдоп чыккандан намыс кылсак жакшы болмок. Кум Төрдү Канадага карматып, өзүбүздүн үлүшүбүздү 16% га түшүргөн, союздан калган бар быдырыбызды талкалаган, өлкөнү коррупционерлердин мекенине айланткан Акаевдин эч нерсе болбогондой өлкөгө келип кеткенине намыс кылсак жаман болбойт элек. Ал эми орустарды колдоп койгондон намыс кылбашыбыз керек.

Украина фашистердин идеологиясын колдоп, 1941-1945 жылдары согушта орустар баскынчылык кылган дешип, суу ичкен кудугуна түкүрүп жатышпайбы. Ошол согушта биздин аталарыбыз, аваларыбыз кан төккөнүн, канчалары согуштан кайтпай батышта калып кетишкенин унутпайлы. 

Украинаны колдогондор, ошол курман болгон аталарыбыздын арбагын кордогон менен барабар. Рита, Улан Үсөйүн, Сооронкулова, Азаттык, Ыдарыстардын эч кимиси ал согуштун запкысын тартышпаса керек? Орусиядай улуу держава менен жакшы мамиледе болуу, бул акылдуу бийликтин жүргүзгөн туура саясаты болуп эсептелет. Орустардан ажырап, өлкөнү өз алдынча башкарабыз деген ала өпкөлүк, бул түбү барып дал эле өзүбүзгө кылган душмандык болуп эсептелет», - деди Бөрүкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости