www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.

Ага Кыргызстандан тышкары Индия, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстан мамлекеттеринин жетекчилери катышат.

Аталган уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. Саммитти жыйынтыктап жатып, 30 документке кол коюлушу күтүлүүдө.

11 өлкөнүн лидерлери катышып жаткан саясий иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө.

13-июнда коноктордун урматына Улуттук филармонияда гала-концерт өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости