www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Далай кишинин тагдырын оюнчуктай көрбөгөн чиновниктер көбөйдү. Сөздүн ток этерин айтсак шаардагы Биринчи Май районундагы бир аткаминер көпчүлүктү көзүнө илбей калды. Ал акимдин курулуш иштери боюнча орун басары болуп иштейт. Руслан Шарапов деген тың чыкма “Достук” кичирайонундагы 0,21 гектар жердеги куру­луш иштеринин башталышына көптөн бери тоскоолдук кылып келатат. Анын кесепетинен ондогон адамдардын батири бүтпөй кыжалат болушууда.

“Айыл курулуш” компаниясынын терайымы Бактыгул Ибраимова далай жолу соттон утуп ишенимдүү жүрбөйт эле да? Ошондуктан азыр Бактыгул Ибраимованын айласы куруган кез. Деги Р. Шараповдун ийри иштерин түзөлтчү кыйын жетекчилер бар болду бекен? Же кузгундун көзүн кузгун чукубайт деген жашоого кептелдикпи?

Шараповдун шайтандаган жоруктарына чыдамыбыз кетип турат. Ага сунуштаган ойлорубузду деле айттык. Бүгүн бир бөлмө батирге макул болсо, эртеси күнү мага эки бөлмөлүү батир берсеңер ишиңерди бүтүрөм деп чыгат. Анысына деле баш ийкесек кайра тескериленип калат десең. Айтор бул жигиттин тоң моюн мамилесинен биротоло жадап бүткөнүбүздөн гезитке кайрылдык. Балким ушул ирет тилегибиз оң чечилип кетээр? Ылайым ошондой чечилсе жети токоч жасап, түлөө өткөрүп коймокпуз,-дейт Б.Ибраимова күйгөндөн улам.

Булак: “Багыт.кж”

Последние новости