www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Ооганстанга карата стратегиясын өзгөртпөйт. Бул тууралуу Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Чолпон-Атада өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитинде билдирди.

Анын айтымында, Евробиримдик Ооганстанга гуманитардык жардам берүүнү улантууда, муну менен катар бул өлкөгө карата стретагиясын өзгөртүү ниети жок.

"Евробиримдик өткөн жылы Ооганстанга гуманитардык жардам берүү үчүн 174 млн евро бөлдү. Ошол эле учурда биз Ооганстанга карата стратегиябызды өзгөртпөйбүз. Бирок сиздер чек араларды бекемдөөдө Евробиримдиктин колдоосуна ишенсеңиз болот", - деди Мишель.

Ал белгилегендей, "ЕБ - БА" саммити БА өлкөлөрүнүн ар бири менен өз ара аракеттенүү жана алдыңкы стратегияларды иштеп чыгуу үчүн эмне зарыл экендигин түшүнүүгө жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости