www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу мекендештер, кадырман калайык калк! Элдик Курултай кыймылынын демилгеси менен, Улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдигине кирген коомдук-саясий уюмдардын колдоосуна таянып, ата бабалардын жолун жолдоп жана Баш мыйзамдын 52-беренесине негизденип, 2017-жылдын 31-март күнү борборубуз Бишкек шаарында Улуттук Улуу Курултайдын кезектеги 3-жыйыны өткөрүлөрү туурасында Билдирүү жарыяланган. Коомдук-саясий кырдаалга жараша Курултайды өткөрүү күнү ары же бери жыларын да алдын ала эскерткенбиз.
УМКБнын мүчөлөрү жер жерлерди кыдыруу учурунда азыркы туташ кризистен чыгуунун бирден бир туура жолу- “ачык либералдык демократиялык коом” аталган батышчыл жолдон баш тартып, улуттук-мекенчил багытка түшүү, Элдик Курултай институтун мыйзамдаштыруу маселелерин тездетүү зарылчылыгын кыргыз коомчулугу талап кылып жаткандыгына күбө болдук. Бир катар саясий күчтөрдүн өкүлдөрү Курултайды бөлүнүп - жарылбай биргелешип өткөрүү боюнча сунуштары менен чыгып жатышат.
Учурда оппозициялык маанайдагы саясатчылардын артынан куугунтуктардын күчөшү; митингдердин, массалык иш-чаралардын өтүшүнө каршылыктардын болуп жатышы; экинчи жагынан Спорт сарайын сурап эбак эле кат жазганыбызга карабастан Курултай өткөрүүчү жай чечилбей келе жаткандыктан, ж.б ушул сыяктуу себептерден улам 31-мартка белгиленген жыйын белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын кабарлайбыз.
Урматтуу калайык калк! Кадырман мекендештер! Баарыңыздарды КРнын Жогорку Кеңеши “Элдик Курултай жөнүндөгү” мыйзамды 2017-жылдын 15-апрелине чейин кабыл алуусун талап кылган жалпы элдик тынчтык акцияларды жер жерлерде уюштурууга жана активдүү катышууга чакырабыз.
Ишибиздин жыйынтыгын чыгаруу, коомдук-саясий абалга баа берүү, президенттик шайлоого карата улуттук-мекенчил күчтөрдүн атынан талапкерлерди көрсөтүү максатында 2017-жылдын май айынан кечикпей Улуттук Курултайга чогуларыбыз айкын экенин билдиребиз.
Улуттук Улуу Курултайдын 3-жыйынын Уюштуруу комитети
27.03. 2017-жыл Бишкек ш