www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн регионалдык аянтча түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал аталган сунушун “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталышта өткөн эл аралык конференцияда билдирген.

"Биз кызматташтыктын экономикалык күн тартибин кеңейтүү, кызматташтыкты тереңдетүү жана мамлекеттерибиздин ортосундагы инвестициялык өз ара аракеттенүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жыл сайын аймактар ​​аралык форум өткөрүүнү сунуштайбыз", - деген Мирзиёев.

Андан сырткары Мирзиёев өлкөлөрдүн артыкчылыктуу милдети соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана өз ара инвестициялардын өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү экендигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости