www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын БУУнун жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет менен баарлашты. Бул тууралуу Алмазбек Бейшеналиев өзү билдирди. 

Жолугушуу видео байланыш форматында өттү. Анда Кыргызстан менен БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкууланды.

--"Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин ишмердүүлүгүн жогору баалай тургандыгын жана аны менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өзгөчө маани беребиз. Бул контекстте БУУ-нун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсенин өлкөдө ишке ашырган программалары менен долбоорлорунун актуалдуулугун белгиледим. Жогорку комиссар М.Бачелетке эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактап, буга чейин кол коюлган бардык келишимдер так аткарылып, Кыргызстан адам укуктары жаатындагы иш-аракеттерин илгерилетүүгө жана коргоого багытталган тынымсыз ишин уланта берет.

Өз кезегинде Жогорку комиссар М.Бачелет жемиштүү жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы адам укуктарын камсыз кылуу жана коргоо жаатында өлкөнүн алдында турган маселелерди чечүү максатында кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди", - дейт Бейшеналиев.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости