www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-Бейиттеги улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүктү белгисиз адамдар алып салышкан. Бул тууралуу коомдук ишмер, телеалпаруучу жана продюсер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Белгисиз адамдар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүктү алып салышыптыр. Жазуучунун уулу, Кыргыз Республикасынын экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов буга аябай капа болууда. Мунун бардыгы Аскар Чыңгызовичтин жеке каражатынан коюлган. Ал атасынын элесине сый-урмат жана кылдаттык менен мамиле кылат.

Мунун артында ким турат? Буга макулдук берилген эмес, бул иш өз алдынча жасалды. Мындай учурларда биринчи кезекте түндүктү орноткон уулу менен макулдашуу керек болчу. Кечирим сурап, тезинен оңдоп, түндүктү калыбына келтиришибиз керек!", - деп жазды Молдокматова.

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда Германиядагы ооруканада каза болгон. Анын сөөгү Ата-Бейитке атасы Төрөкул Айтматовдун жанына коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости