www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда жүргүзүп жаткан реформаларына Өзбекстанда туруп чын дилден ыраазы болуп жатабыз. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабай Кыргызстанда экономиканын өсүшү байкалып, жашоо шарты жакшырууда, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып, республиканын кадыры артып келет.

"Биз мындан ары да Кыргызстан президентинин программасын колдоону улантабыз. Дагы бир ирет жакындашууга жана толук кандуу кызматташууга дилгир экенибизди көрсөттүк. Бардык маселени ийне-жибине чейин талкууладык. 31 жылдык тарыхта биринчи жолу мамиле ушундай жогорку деңгээлге чыкты", — деди Мирзиеёв.

Ал чек ара маселеси боюнча колдоо көрсөткөн Жапаровго ыраазычылык билдирди.

"Саясий эрк болбосо мындай жыйынтыкка келе алмак эмеспиз. Мурункудай эле "ооба, жасайбыз, бирок эртең же бүрсүгүнү" деп жооп берип койсо деле болмок. 30 жыл өттү, маселенин түйүнү чечилбей келген", — деди коңшу өлкөнүн президенти.

Мирзиеёв чек ара боюнча макулдашууну тарыхый документ деп атап, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу сыяктуу биргелешкен ири долбоорлорду тизмектеп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости