www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда 60 жаштагы Транспорт министрлигинин кызматкери жолго кум сээп жаткан учурда, кокусунан унаадан кулап түшүп, каза болду. Мындай билдирүүнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Окуя 12-январда Темир айылында орун алган. Анда Ананьево айылынын тургуну кум сээп жатып, “Хово” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан кокусунан кулап кеткен.

Кызматкер алган жараатынан улам райондук ооруканага жеткирилип, бирок көп өтпөй көз жумган. 

Инцидент РИИБинин маалыматтык журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости