www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы (УзЛиДеП) азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары көрсөттү. Ал шайлоодо ат салыша турган төртүнчү талапкер болгонун өзбек басылмалары жазып чыкты. 

Маалыматта бул тууралуу УзЛиДеПтин жыйынында белгилүү болгону айтылат.

Мирзиёевге чейин Экологиялык партия Абдушүкүр Хамзаевди, Элдик-демократиялык партия Улугбек Иноятовду, "Адолат" социал-демократиялык партиясы Робахон Махмудованы көрсөткөнү белгилүү.

Маалым болгондой, Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт. Ал эми добуш 28-июндан 5-июлга чейин берилет.

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 17-майда башталып, 1-июнда аяктайт. 15-майга чейин саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн документтерин БШКга тапшырышы керек.

 

Последние новости