www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы Өнөктөш уюмдардын тармагы менен биргеликте – адам укуктарын жана эркиндиктерин, мамлекеттик түзүлүштүн негиздерин КР Конституциялык соту коргой тургандыгына ишеним артуу менен, конституциялык укуктардын үстөмдүгүн камсыз кылуу менен акыйкат чечим чыгарат деп ишенет

2023-жылдын 17-майында саат 9.30да Конституциялык соттун отурумунда «Бир дүйнө – Кыргызстан» кыймылынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренесинин 2-3-пункттарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-, (2-бөлүгүнө), 8- (1-бөлүгүнө), 23- (1,2 3, 4, 5-бөлүктөрүнө), 32- (1, 2-бөлүгүнө), 36-беренелерине карама-каршы келет деп таануу тууралуу арызы каралат.

Бул мыйзамдын ченемдери убара тарттыруу мүнөзүнө ээ, түзүмдүк басмырлоо багытын көздөйт, коммерциялык эмес уюмдар үчүн кошумча түйшүк жаратат жана жарандардын биригүү эркиндиги менен теңдеш мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы Конституциялык сотко алардын Конституцияга туура келбей тургандыгы жөнүндө арыз берген. 

Конституциянын 36-беренеси ар бир жаранга биригүү эркиндигин кепилдейт, бул – мамлекет менен коомдун негизги баалуулугу. Бул укук улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартип, саламаттык менен калктын адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын же эркиндиктерин коргоо максатында гана чектелиши мүмкүн.

Анткен менен, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатканда андай максаттар коюлган да эмес, пайда да болгон эмес. Натыйжада конституциялык ченем бузулган жана мамлекет жарандардын эркин биригүү укугун жүзөгө ашыруу ишине кийлигишип жатат.

Мурда, 2021-жылдын июнь айында мыйзам түзөтүүгө туш келип, киргизилген өзгөртүулөргө ылайык, кирешенин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле, коммерциялык эмес уюмдун мүлкү, өлчөмү, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык купуя сыр болбош керек деп жазылып калган. 

Мындан тышкары, түзөтүүлөр коммерциялык эмес уюмдарды жыл сайын акча каражаттарын табуунун булактары, алар багытталган чыгымдар, ошондой эле, алынган, пайдаланылган жана ажыратылышы мүмкүн болгон мүлкү жөнүндөгү маалыматтар боюнча кошумча отчётторду берип турууга милдеттендирилген. Ансыз деле коммерциялык эмес уюмдар башкалар менен бирдей эле катарда үзгүлтүксүз отчет берип турат.

Биригүү эркиндиги боюнча эл аралык стандарттар дагы мамлекеттерди мындай жүйөөсүз ченем чыгарбоого милдеттендирет. Бул жөнүндө биригүү эркиндигин жүзөгө ашыруу максатында ЕККУнун Демократиялык институттар бюросу менен Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан «Биригүүлөр эркиндиги боюнча жетектөөчү принциптеринде» да айтылат.

Андыктан, КРнын Конституциялык соту конституциялык кепилдиктерди сактоодо жана коргоодо, ошондой эле, өлкөбүздүн аймагында бардык кабыл алынган жана күчүнө кирген мыйзамдардын Конституцияга шайкеш келишин текшерүүдө өзүнүн туруктуулугун көрсөтө алат деп ишенебиз.

Последние новости