www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кийинкиге калтырылган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, даярдыктар улантылып, дипломатиялык каналдар аркылуу мөөнөттөрү макулдашылып жатат. Бирок Өзбекстан Республикасынын башчысынын так келери азырынча белгисиз.

«Шавкат Мирзиёевдин сапары Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кызуу талкууларга байланыштуу эмес. Ал мамлекеттик жана чарбалык мүнөздөгү статуска ээ болот. Бирок, балким, чек ара маселеси күн тартибинде болот», - деп кошумчалады Нуран Ниязалиев.

Ал кошумчалагандай, алар бир катар эки тараптуу келишимдерди, меморандумдарды, иш-чаралардын планын, Кыргызстан өзбек тарапка сунуштагысы келген инвестициялык долбоорлорду даярдап жатышат.

Убакыт эки президенттин иш графигинен да көз каранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости