www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын НАТОго кириши альянс үчүн каргашалуу болот. Бул тууралуу РИА Новостиге Мамлекеттик Думанын Крымдагы депутаты Михаил Шеремет билдирди.

«Украинанын мүчөлүгү тууралуу билдирүүлөр бизди коркутпайт. Бирок НАТО үчүн Украинанын кириши каргашалуу болот, альянс майда бөлүктөргө бөлүнөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский азыр НАТОну өз көйгөйлөрүн алардын эсебинен чечүүнү каалайт» , - деди эксперт.

Шеремет ошондой эле НАТОнун Украинанын эсебинен кеңейиши Орусия үчүн түздөн-түз коркунуч болорун, өлкө буга чыдабай турганын эскертти.

30-сентябрда Зеленский өлкө НАТОго тездетилген режимде кайрыла турганын билдирген. Өз кайрылуусунда мамлекет башчысы ошондой эле Киев «де-факто альянстын жолун басып өткөнүн» жана анын бир бөлүгү экенин айткан.

Кийинчерээк НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинаны азыр альянска кабыл алуу мүмкүн эмес деп билдирди. Ал мүчөлүк боюнча чечим 30 өнөктөш өлкөнүн жолугушуусу аркылуу кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости