www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгрия энергетика тармагында Орусияга каршы эч кандай жаңы чектөө чараларын колдобой турганын Венгриянын премьер-министринин кеңсесинин башчысы Гергей Гуйяш билдирди. Бул туурлалуу маалыматты NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги маалымдады.

Буга чейин Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен Орусия Федерациясына каршы "катаал санкциялардын" сегизинчи пакетин сунуштап, бул Орусия Украинадагы чыр-чатактын күчөшү үчүн "төлөө" жана анын экономикасына андан ары сокку урууга багытталганын айткан

Мындан тышкары, Евробиримдик орус товарларын импорттоого жаңы тыюу салууну да пландап жатат.

Санкциялардын мурунку жети раундундагыдай эле, жаңы чектөө чаралары күчүнө кире электе Евробиримдикке мүчө 27 мамлекет тарабынан бир добуштан бекитилиши керек.

Венгрия өкмөтү Орусиянын энергетикасына каршы санкцияларга каршы. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 26-сентябрда Евробиримдиктин Орусияга каршы санкциялары тескери натыйжа берерин, бул энергиянын баасын гана жогорулатпастан, Европанын, алтургай бүткүл дүйнөнүн экономикалык коопсуздугуна шек келтирерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости