www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 14-июлда пезидент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйыны өттү. Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулду.
Жыйындын жүрүршүндө бир катар орчундуу маселелер жана аткарылган же ишке ашырылып жаткан долбоорлор көтөрүлдү. Антикризистик пландын аткарылышын талкуулоо да маанилүү болду.
Саясат таануучу Игорь Шестаков өз кезегинде, биринчиден, президенттин сөзү дайыма бийликти сынга алып келген системалуу факторлорго багытталганын, булар биринчи кезекте кадр маселеси жана мамлекеттик түзүмдөрдүн, чиновниктердин жана калктын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери экенин белгиледи.
«Белгилүү болгондой, өткөн жылдары мамлекеттик структуралар тарабынан кыргыз элинин көйгөйлөрүнө көңүл бурулбаганы үчүн өлкөбүз «митингдердин өлкөсү» деп аталып калган. Садыр Жапаровдун калк, коомдук уюмдар менен болгон мамилесине көңүл буруп, бардык деңгээлдеги чиновниктер калк менен күн сайын байланышып турушу керектигин айтканы бекеринен эмес. Мындан тышкары, президент мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө көңүл буруп, эгерде алар мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштебесе, алардын кызмат ордун сактап калууга эч кандай эмгеги жардам бербестигин баса белгиледи. Бул билдирүүлөр кокустук эмес. Президенттин негизги фразаларынын бири – «саясий оюндардын заманы өттү, экономика менен алектенүү мезгили келди». Бул жерде президент мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн экономикалык абалды жакшыртууга көңүл бурууга чакырды», - деп билдирди Шестаков.
Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Кыргызстан эле эмес, көптөгөн мамлекеттер экономикалык каатчылыктын оор күндөрүн баштан кечирүүдө. Бул билдирүүлөр негизги мааниге ээ, анткени кандай болгон күндө да кыргыздарда бийликти кабыл алуу түздөн-түз алар менен баарлашкан чиновниктер аркылуу болот.
«Экономикага келсек, президент Кыргызстан Евразиялык биримдиктин мүчөлөрүнүн бири бойдон кала берээрин ырастады. Бул экономикалык структуранын маанисин белгиледи. Дагы бир маанилүү билдирүү, Кыргызстан транспорттук логистикалык аймактык борборго айланышы керек, анткени Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу талкууланып жаткандыктан, ал жаңы логистикалык чынжырга айланышы керек. Бул жагынан алганда, чынында эле, биздин республиканын Борбордук Азиядагы негизги экономикалык борборлордун бири болууга толук мүмкүнчүлүгү бар», - деп жыйынтыктады эксперт.
Булак: Кабар агенттиги