www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президент кымбатчылыкты токтотуп, мурдагы арзан бааларга апкелсе болмок», - деди бүгүн, 15-июлда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.
- Нурлан мырза, Президент «бардык саясий оюндар бүттү, экономика менен алектенүүгө мезгил келди» -деди. Бул сөзүнө ишенсек болобу?
- Ишенүү керек. Президент Жапаровго да рейтингин көтөрүү үчүн алгылыктуу иштер, экономикалык өсүш, саясый стабилдүүлүк зарыл болуп турат. Болбосо, акыркы айларда бийлик жөнүндө негативдүү жаңылыктар басымдуу болуп калды. Президент кымбатчылыкты токтотуп, мурдагы арзан бааларга апкелсе, быйылкы жылы үчүн жетиштүү ийгиликке орномок.
- Президенттин эскертүүсүнөн кийин эми «крыша» болгон атка минерлер тизгинин тартып калабы?
- Крыша болгондорду жазалоону курулай оозеки айтып тим болбостон, турмуш жүзүндө далилдесин. Болбосо, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан номер 11-мектеп директору Дикамбаева мына 20 жылдан бери түшпөс хан директор болуп келатат. Муну кайсы крышасы калкалап жатат? Ошол эле Президенттин жакында указы чыкты го, 5 жылдан ашык мектеп директору болгондор автоматтык түрдө кызматтан кетсин деген. Мына ушундай түшпөс хандар кетиши керек.
Булак: NazarNews.kg